Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абад облустук ооруканасын тоногон жарандар кармалды

13.01.2022 16:47
702
Жалал-Абад облустук ооруканасын тоногон жарандар кармалды

Жалал-Абад облустук ооруканасына уурулукка киргендер кармалды, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынын жетекчиси Кумарбек Ботокараев арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 7-январына караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп кирип, бөлмөдөн 4 даана ноутбук, 1 даана термос, сейфтин ичинде турган 15 автоунаанын документтерин, 4 670 литр бензиндин жана 2330 литр солярканын талондору уурдалганын билдирген.


Натыйжада облустук оорукана ири өлчөмдө материалдык зыянга учураган.


Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине (КБР) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.


Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 1989-жылы туулган Б.З., 1990-жылы туулган Ш.М. жана 1987-жылы туулган Х.Х., аттуу үч тургуну кармалган.


Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн