Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абад облустук ооруканасында канча кычкылтек концентратору бар?

08.07.2020 09:12
1227
Жалал-Абад облустук ооруканасында канча кычкылтек концентратору бар?

Жалал-Абад облусунда күндүзгү стационардык борборлордо 1246 орун даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, облустун аймагындагы район-шаарларда атайын орундуктар даярдалып, тейлөөлөр башталды.

Ар бир райондун ар айыл өкмөтү, өлкөдөгү кырдаалдын өзгөрүүсүнө даяр болушу керек. Мындан улам жергиликтүү бийликтегилер жер-жерлерде талапка жооп берген имараттарды дезинфекциялап, атайын орундуктарды даярдоо менен бирге мобилдүү топтор уюштурулду.

Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационардык борборго эки күндөн бери 145 жаран кайрылып, керектүү кеңештерди алып, дарыланып кетишти. Аталган борборлор саат 08:00 баштап 20:00 гө чейин иш жүргүзөт.

Учурда облустук ооруканада 31 даана кычкылтек концентраторлору иштеп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн