Кулжа 23, 2025
Убакыт: 13:43
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаңы корпусу курула баштады

23.06.2025 09:30
15
Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаңы корпусу курула баштады


Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаңы корпусу курула баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 


Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик жана оорукана жамааты катышты.


Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканасынын жамааты техникалык базасын чыңдоо максатында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге кат менен кайрылып, муктаждыктарын айтышкан. 


Ташиев ооруканын абалы менен ушул жылдын март айынын аягында жеринен таанышып, жыйынтыгында заманбап шартта оорукана салынары, имаратта тик учак конууга да мүмкүнчүлук түзүлөрү айтылган. 


Ал арада генералдын тапшырмасына ылайык, облустук оорукананын аянтында жайгашкан союз мезгилинде курулган эски имараттарды бузуу, айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү.


Учурда 2 жарым гектарга жакын аянтка 280 орундуу жаңы имараттын курулушу жанданды. Каражат республикалык казынадан бөлүндү. Курулуш мөөнөтү 2026-жылдын ушул мезгилине бүткөрүлөрү маалымдалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн