Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад облусунан 200 бала "Алтын балалык" эс алуу борборуна жөнөтүлдү

14.07.2022 13:31
309
Жалал-Абад облусунан 200 бала "Алтын балалык" эс алуу борборуна жөнөтүлдү


Бүгүн, 14-июлда Жалал-Абад облусунан келген 200 бала Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков эс алууга жөнөп жаткан балдарды узатып жатып, көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, коопсуздук эрежелерин так сакташ керектигин эскертти.

Эске салсак, "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн