Жалал-Абад облусундагы балык чарбаларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Жалал-Абад облусундагы жалпы 22 балык чарба министрлик менен келишим түзүп, ишмердүүлүгүн алып барууда. Анын ичинде:
- Токтогул суу сактагычында – 9 балык чарба;
- Күрпсай суу сактагычында – 5 балык чарба;
- Таш-Көмүр суу сактагычында – 4 балык чарба;
- Шамалды-Сай суу сактагычында – 4 балык чарба иштеп жатат.
Мониторингдин жыйынтыгында товардык балык өндүрүүнү көбөйтүү жана ветеринардык-санитардык эрежелерди так сактоо боюнча сунуштар берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн