Тогуздун айы 09, 2025
Убакыт: 21:41
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Жалал-Абад облусунда УКМКнын жалган кызматкери кармалды

29.09.2025 13:27
91
Жалал-Абад облусунда УКМКнын жалган кызматкери кармалды


Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында өзүн УКМК кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жарандардын акчасын алган А.А. аттуу жаран кармалды.


Атайын кызматтан билдиришкендей, А.А. өз аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеген жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен болгон байланышка жамынган. Андан соң кылмышка шектүү жаран карызын төлөөнүн ордуна кылмыш ишин ынанымдуу кылуу үчүн жасалма укук коргоо органынын күбөлүгүн көрсөтүп, жабырлануучуларга кысым көрсөткөн.


Аталган жаран кармалган учурда автоунаадан РФ ИИМинин кызматкеринин күбөлүгү жана укук коргоо органдарына тиешелүүлүгүн окшоштурган башка буюмдар табылган.


УКМК А.А.нын алдамчылык аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын: 0995 01 22 10 (WhatsApp) ишеним телефонуна кайрылууну суранат.


Ошондой эле УКМК органдарына финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү максатында жарандардын акча каражаттарын алдап жүргөн мындай шылуундарга жана кылмыштуу аракеттерге УКМК коомчулукту ишенбөөгө чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн