Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:06
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды өндүрүү жана сактоо боюнча лаборатория табылды

20.12.2023 11:48
268
Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды өндүрүү жана сактоо боюнча лаборатория табылды


Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды өндүрүү жана сактоо боюнча лаборатория табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган Д.К.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдө “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарын сатуу жана даярдоо менен алектенгендиги аныкталган. Жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, баңги каражаттарын даярдоо жана сактоо лабораториясына ылайыкташтырылган бөлмө табылган.


Мындан тышкары, тинтүү учурунда кара куурайдын өзгөчө жыты бар заттар табылып алынган. 


Соттук-химиялык экспертизага ылайык, тинтүү учурунда алынган заттар жалпы салмагы 4 кг 436 гр болгон “гашиш”, “марихуана”, “кара куурайдын саманы” жана “кара куурайдын тундурмасы” баңгизаттары болуп аныкталган.


Кармалган Д.К.А. жаран КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн