Жалал-Абад облусунда блокпосттордон жасалма өткөрмө
кагазы менен 3 унаа кармалды. Бул тууралуу 6-майдагы брифингде Жалал-Абад
шаарынын коменданты Жеңиш Жоробеков айтты.
Анын айтымында Өткөн сутка ичинде 25 кылмыш иши катталган. Алардын үчөө 359-берене (документтерди жасалмалоо) менен кармалган.
Ал эми Жалал-Абад шаары боюнча коменданттык саат учурунда 9 адам кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн