Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүнкү күндө 91 убактылуу медициналык стационарлар ачылган. Алардын ичинен 69у күндүзү, 22си сутка бою иш алып барууда.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылган стационарларга 900гө чукул жаран кайрылып, медициналык жардам алышууда.
Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан азыркы кырдаал толук көзөмөлгө алынууда. 81 жөө кайгулдоо багыттарында 303 кызматкер, 20 автоунаа кайгулдоо багыттарында 43 кызматкер кезек алмашуу менен алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн