Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган

24.06.2022 10:45
642
Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган


Жалал-Абад облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматына ылайык 24-июнда түнкү саат 2:10до Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон районунун Арсланбап, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында 3 балл, Гүмкана, Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн