Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 00:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жалал-Абад облусунун башчысы Токтогул районунун тургундары менен жолугушту

11.04.2022 14:16
414
Жалал-Абад облусунун башчысы Токтогул районунун тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 11-апрель күнү, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жыйынга райондун айыл аймактарынан 250гө жакын тургундар катышып, жер, таза суу, сугат суу, жол, бал аарычылыкты өнүктүрүүдө жеңилдетилген насыялардын жетиштүүлүгү, аймактардагы социалдык жана жеке маселелер менен кайрылышууда.


Облус өкүлү Абсаттар Сыргабаев ар бир көтөрүлгөн маселенин чечилүүсү боюнча максималдуу иш аракеттер көрүлөөрүн айтып, тийиштүү тармактардын жетекчилерине тапшырмаларды берүүдө.


Белгилей кетсек, жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн