Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:01
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад облусунун губернатору селден жабыркаган Кара-Дарыя айыл аймагына барды

21.07.2021 13:40
1239
Жалал-Абад облусунун губернатору селден жабыркаган Кара-Дарыя айыл аймагына барды

Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын сел алган Чаңыр-Таш айылына барды. 


Кечээ, 20-июлда кечке жуук Кара-Дарыя айыл аймагында жаап өткөн жамгырдан кийин кокту-колоттон сел келген. Анын кесепетинен Чаңгыр-Таш айылындагы сел дамбалары жарылып, 500гө жакын турак үйдү суу каптаган. Селден 6 жаштагы бир кыз каза болгон. Азыркы учурда райондогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 150дөн ашуун, 40 милиция кызматкери, 11 атайын техника тазалоо иштерин аткарууда. Мындан сырткары эки медициналык бригада иштөөдө. 


Облус өкүлү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, келтирилген чыгымды аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн, ага жарандык коргонуунун башчысы, район акими жетекчилик кылаарын билдирди. Алгач үй-жайын суу алган тургундарга жашоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүү иштери жүрөөрүн, калыбына келтирүү жумуштарына дагы кошумча күч жана техникалар тартылаарын айтты. 


Алдыда коопсуздук үчүн авариялык абалга келген турак үйлөрдүн жашоочулары чатырларга жана мектептин спорт залына көчүрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн