Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда имамдар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

25.03.2020 11:49
793
Жалал-Абадда имамдар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

 

Жалал-Абад облусунунда аймагындагы  өзгөчө абалга байланыштуу имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, өлкөгө жарыяланган карантиндин мөөнөтү бүткөнгө чейин, коронавирусту алдын-алуу максатында облус аймагындагы бардык мечиттерде күн сайын бешим жана аср намаз убактыларынан кийин микрофон аркылуу жергиликтүү элге эскертүүлөр айтылып турат.


“Облус аймагындагы бардык баш имам хатибдер менен биргеликте учурдагы кырдаалга байланыштуу тиешелүү жардамдар көрүлүүдө. Кечээ Сузак районуна гуманитардык жардам келгендиктен аларды имамдарыбыз жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратып беришти. Бардык блокпостордун жеринде болушуп, элдин саламаттыгын кам көрүүдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, - деген Жалал-Абад облусунун казысы Абдуллазиз ажы Закиров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн