Жусупбеков Максатбек Жаныбекович Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, БШК бүгүн,14-сентябрдагы жыйналышында Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги бош депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бош депутаттык мандатты "Ата-Журт” саясий фракциясынан катталган талапкерлердин тизмесинен шайланган депутаттардан кийинки талапкер Жусупбеков Максатбек Жаныбековичке өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн