Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалал-Абад шаардык судьясы Жамалдиновдун жаалын келтирди

23.01.2020 11:37
685
Жалал-Абад шаардык судьясы Жамалдиновдун жаалын келтирди

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов интернетте кызуу талкууларды жаратып жаткан Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулаймановага байланыштуу адилеттүү чечим чыгарууну талап кылды.

Белгилей кетсек жаңы жылдык кечеден кийин жол кырсыгына кабылган Э.Сулайманованын ичимдик ичип алып машина айдап келатканы тууралуу видео коомчулуктун сынына кабылган. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан протокол да түзүлгөн. “Судья ошол пртоколду жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылыптыр. Чындыгында соттордун өздөрүнүн жүрүм-туруму болот. Эгерде судья өзү алкоголдук ичимдикти ичип алып унаа айдап жүрсө, туура көрүнүш эмес. Менин оюм боюнча, протокол туура эмес түзүлдү деп өзү иштеп жаткан Жалал-Абаддын сотуна кайрылганы дагы туура эмес», - деди депутат.

Андан ары З.Жамалдинов ишти судьянын кесиптеши карап жатканына да токтолуп, “карга карганын көзүн чокубайт“ - дегендей, чогуу иштеп жаткан судья экинчи судьяга жардам бергени туура эмес, бул маселени Соттор кеңешинин тартиптик комиссиясы жана Жогорку соттун төрайымы караш керек. Эгерде эртең бул протоколду жокко чыгарып койгон болсо, анда ЖККББнын башка кызматкерлери сотторго, депутаттарга, министрлерге протокол түзбөйт. Ошондуктан судьялар бири-бирин колдобостон, акыйкаттуу чечим чыгыш керек», - деди ал.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн