Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абад: Кызматкерлери бүт коронавируска чалдыккан оорукана жабылды

08.04.2020 10:51
1233
Жалал-Абад: Кызматкерлери бүт коронавируска чалдыккан оорукана жабылды

 

Жалал-Абад шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн бардык медицина кызматкерлери коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 8-апрелде онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, учурда оорукананы жаап, атайын жыйынтыктоочу дезинфекцияга берилет. Ош облустар аралык ооруканасынын бир корпусуна жугуштуу оорулар боюнча бөлүм даярдалып, керебеттер коюлат.


Ал эми Жалал-Абад шаардык ооруканасы атайын тазалоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин гана ишке берилет. Андагы чалдыккан дарыгер, медицина кызматкерлеринин бары үй карантинине жиберилди жана жакын байланышта болгондор обсервацияга алынды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн