Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда сметалык баасы 45 миллион сом болгон жаңы парк курулууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы сейил бакта жарандар үчүн бардык шарттар түзүлөт: балдар аянтчасы, велосипед жолу, түнкү жарыктандыруу жана башкалар менен жабдылат. Жаңы парк 8 гектар жерге жайгашат, буга чейин жер бөлүнгөн.
Эске сала кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаарынын аймагында эки чоң жаңы парк курулуп, пайдаланууга берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн