Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад шаары карантинге жабылды

23.03.2020 18:00
1101
Жалал-Абад шаары карантинге жабылды


Жалал-Абад шаары карантинге жабылды. Бүгүн түнү шаарга кирүүгө жана чыгууга убактылуу чектөө киргизилет. Мындай чечим бүгүн, 23-мартта ыкчам кеңешменин жүрүшүндө кабыл алынды.


Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаарында калктын кыймылы көп болуп жаткандыгына байланыштуу шаар мэри Мураталы Тагаев башка райондордун тургундарынын Жалал-Абад шаарына кирүүсүнө жана калаа тургундарынын сыртка чыгуусуна чектөө киргизүү керектигин сунуштады. Мындай чечим коронавирус илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу максатында кабыл алынды.


Өкүлчүлүктө түзүлгөн ыкчам штабдын мүчөсү Нурболот Мирзахмедов жер-жерлерде комиссия түзүлүп, дезинфекциялык иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө керектигин айтты.


Айрым шаар тургундары үйдөн чыгууга тыюу салынганына карабай, кайдыгер мамиле кылып, себеби жок көчөгө чыгуусун токтоткон жок. Ушундан улам шаарга кирүүгө жана чыгууга чектөө коюп жатабыз. Ошондой эле коомдук транспорттун жүрүшү токтоду. Шаардык мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине жана тургундарына атайын өткөрүү кагазы (пропуск) берилет. Шаарда жүрүүсү ушул кагаз менен жүргүзүлөт. Мындай аракеттерге элдер туура түшүнөт деп ойлойм”, - деп түшүндүрдү мэр.

 

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн