Жетинин айы 01, 2025
Убакыт: 01:36
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.075
1.110

Жалал-Абад шаарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

16.09.2025 16:06
331
Жалал-Абад шаарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди


Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Масадан айылында №34 "Тунук" бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.


Маалыматта белгиленгендей, "Тунук" балдар бакчасы буга чейин №33 Фуркат мектебинин эски имараты болчу. Жергиликтүү бюджеттен 13 млн 371 миң сом акча каражаты жумшалып, имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, имарат 100 орундуу бала бакчага ылайыкташтырылды.


Эске салсак, аталган айылда буга чейин бала бакча болгон эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн