Жалал-Абад шаарында 28-июль күнү жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-июль күнү саат 08:00дөн 17:00гө чейин шаардагы Озерная, Набережная, Пирогов, Менделеев, Грибоедов, Стрелковый, Торговый, Чернышевсковый, Гоголь, Рабочая, Тоголок Молдо, Орозбеков, ВЛКСМ, Панфилов, Кыргыз Республикасы көчөлөрүндө газ берүү токтотулат.
Бул аймактарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн