Бирдин айы 07, 2025
Убакыт: 14:56
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.890
0.920

Жалал-Абад шаарында 3,7 гектар жер мамлекетке кайтарылды

31.01.2025 13:37
246
Жалал-Абад шаарында 3,7 гектар жер мамлекетке кайтарылды


Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген жалпы аянты 3,7 гектар болгон жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө атайын кызмат тарабынан Жалал-Абад шаарында 1960-1970-жылдары жер тилкелери жыгач кампасын жана соода базасын куруу жана жайгаштыруу үчүн бөлүнгөнү аныкталган. Бирок, 1999-2008-жылдары аталган жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2,40 жана 1,35 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Аталган жер тилкелерине социалдык объектилерди, атап айтканда, Спорт жана жаштар ордосун жана Эл аралык Ала-Тоо университетин филиалын куруу пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн