Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үйлөр мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды

13.03.2023 11:22
321
Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үйлөр мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан архитектуралык-курулуш көзөмөл чөйрөсүндөгү туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад шаарынын аймагында тиешелүү шаар куруу жана уруксаат документтери жок системалуу түрдө көп кабаттуу турак жайларды куруу боюнча фактылар аныкталды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


"Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын, ошондой эле Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү, турак жайларды куруу процессинде аткарылган иштердин техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келүүсү боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.  

  “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, “шаар куруу жана архитектура объекттери бекемдиктин, сейсмикалык туруктуулуктун, туруктуулуктун, коопсуздуктун, өндүрүштүктүн белгиленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык, инженердик-транспорттук инфраструктура жана инженердик жабдуулар менен камсыз болуунун деңгээлине жооп берүүгө тийиш”. 

Бирок, жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын долбоордук-сметалык документтерге берилүүчү экспертизанын оң корутундусу жок объекттерди көзөмөлсүз жана уруксатсыз курууга жол беришкен",- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн