Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад шаарында кудуктун капкагын уурдагандар кармалды

Жалал-Абад шаарында кудуктун капкагын уурдагандар кармалды




2021-жылдын 14-мартынан 15-мартка караган түнү Жалал-Абад

шаарынын бирнече көчөлөрүнөн жалпы 15-даана болгон кудуктардын

капкактарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендиги боюнча Жалал-

Абад шаардык «Сууканал» ишканасынан арыз келип түшүп, белгисиз

кылмышкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жогорудагы фактылар боюнча арыз Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне

катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-(“Уурулук”)

беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Тергөө кызматы

тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыштын бетин тез арада ачуу

боюнча тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмасы берилген.


Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын

кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,

натыйжада кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургундары

2000-жылы туулган А.О. жана 2001-жылы туулган Г.А. кармалышып, иш

боюнча буюм далилдерди аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп

берилген.


Учурда бул шектүүлөрдүн башка кылмышка да катыштыгы бар же

жоктугу боюнча текшерүү иштери иштери жүргүзүлүп жатат.


Жалал-Абад ОИИББ Басма сөз борбору

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мирлан
Кудай сактасын урулук калгыча ачтан олуп эле калбайсынарбы сузактан болсо озбектер окшойт э