Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жалал-Абад шаарында маркумду жерге узатууда мал союлар токтотулду

01.03.2022 15:56
568
Жалал-Абад шаарында маркумду жерге узатууда мал союлар токтотулду

Жалал-Абад шаарында маркумду жерге берүүдө мал союлбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-март күнү каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды, үйлөнүү үлпөт тойлорун, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү жана маркумга арналган иш-чаралардын өткөрүлүшүн көзөмөлгө алуу боюнча жумушчу топтун отурумунда маалымдалганын, мэриянын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, алдыда жергиликтүү бийлик, тийиштүү тармактардын өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттерди улантат.


Белгилей кетсек, КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду жерге берүүдөгү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын турмушка ашыруу максатында Жалал-Абад шаардык мэриясы тийиштүү тармактардын өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анын арты менен каза болгон эки шаар тургунунун жакындары маркумду жерге берүүдө мал-жандык сойгон эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн