Жалал-Абад шаарында муктаж жарандарга көмүр таратылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 100 мүшөк көмүр Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы тарабынан “Жалал-Абад Тазалык”, “Жалал-Абад Сууканал” муниципалдык мекемелеринде иштеген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын депутаттары өздөрү шайланган участоктордогу аз камсыз болгон шаар тургундарына акысыз көмүр таратышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн