Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаалдар режими алынды

28.03.2022 13:24
420
Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаалдар режими алынды

Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал тартиби алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Белгилей кетсек, Жалал-Абад шарында 2022-жылдын 17-мартынан 18-мартына караган түнү катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясынын суусунун дээңгели көтөрүлүп, натыйжада суунун нугу бурулуп, Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын табигый сол жээгин жеп, дарыядан суу ашып кетүү коркунучу пайда болгон.


Натыйжада Живпром участкасынын аймагында жайгашкан 569 турак үйгө жана 11 мекеме-ишканаларга кооптуу абал жаралган. Мындан улам шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен Жалал-Абад шаарына 18-марттан тарта өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген.


Түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин бекемдөө боюнча тиешелүү жумуштар аяктагандыгына байланыштуу шаар мэринин буйругу менен 26-марттан тартып өзгөчө кырдаал тартиби алынды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн