Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абад шаарында реконструкциядан өткөн эки көчө пайдаланууга берилди

29.08.2024 16:03
339
Жалал-Абад шаарында реконструкциядан өткөн эки көчө пайдаланууга берилди


Бүгүн Жалал-Абад шаарында жаңыдан асфальт төшөлгөн Розы Азимов жана Султан Ибраимов көчөлөрү ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар жана калаа тургундары катышты.

Аталган жолдор Жалал-Абад шаарынын ички көчөлөрү болуп саналат. Алар кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлүп, тийиштүү жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери аткарылган. Учурда Азимов көчөсүн асфальттоо иштери аяктап, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки четин куруу иштери улантылууда.

Камчыбек Ташиев ачылыш аземине катышкан жергиликтүү тургундарга сүйлөп жатып, көрүлүп жаткан иш аракеттердин баары өнүгүү жолундагы Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталганын белгиледи.

Жаңыланган жолдор республикалык бюджеттен каржыланган. Розы Азимов көчөсүнүн узундугу 2737 метрди, туурасы 14 метрди түзөт. Учурда жолдун асфальты толук аяктаган. Ал эми алдыда тротуар, жарыктандыруу жана темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары жасалат. Ал эми Султан Ибраимов көчөсүнүн узундугу 1151 метрди түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн