Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жалал-Абад шаарындагы №10 абак кайсы жерге көчүрүлөрү белгилүү болду

15.11.2022 10:56
336
Жалал-Абад шаарындагы №10 абак кайсы жерге көчүрүлөрү белгилүү болду



Жалал-Абад шаарынын ичинде жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча каражат маселеси чечилип, тийиштүү иш-чаракеттер жүргүзүлүүдө.


 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мекеменин Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылында курулушу пландалган Сары-Талаа участкасына барып, иштин жүрүшүн жеринен көрдү.


Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Азыркы учурда аталган жайдын пайдубалын курууга чейинки даярдык жумуштары жүргүзүлүп жатат. Облус башчысы жумуш ыргагын тездетүүнү тапшырып, сапатка көңүл бурууну эскертти.


Мындан сырткары шаардагы №53 тергөө абагына да бир гектар жер аянты ажыратылып, Сузак районунун Арал айылына көчүрүү жумуштары башталды.


Бул аракет Президент Садыр Жапаровдун шаар инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жазаларды аткаруу кызматынын өздүк курамынын ичинде кызматтык тартипти чыңдоо, кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн