Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты кайрылуу жасады

25.03.2020 10:08
703
Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты кайрылуу жасады


Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.


Ал өз кайрылуусунда коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында 25-март таңкы саат 08.00дөн баштап 15-апрель саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилгенин айтып, элди тартиптипти сактоого чакырган.


“Бул илдетти токтотуу боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн штабдын талаптарын так аткарууну өтүнөбүз. Эгерде өзгөчө абал учурунда коменданттык сааттын жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын эрежелери бузулса, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү кызматтардын мыйзамдуу коюлган талаптары аткарылбаса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга мажбур болобуз. Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер калкыбыздын, анын ичинде сиздердин ден соолугуңуздар үчүн көрүлүп жатканына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз, - деген Жоробеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн