Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абад жана Анькан шаарларынын ортосунда боордоштук мамиле түзүлөт

05.02.2024 10:27
361
Жалал-Абад жана Анькан шаарларынын ортосунда боордоштук мамиле түзүлөт


Жалал-Абад шаары менен Кытайдын Анькан калаасынын ортосунда боордоштук мамиле түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, документке эки калаанын мэрлери Эрнисбек Ормоков жана Чай Лии кол койду.

Ага ылайык, эки тарап аймактардын кызматташуу мамилелерин тереңдетип, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу макулдашты.

Кытайдын Анькан шаарында 3 млн калк жашайт. Калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармактары өнүккөн.

Белгилей кетсек, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган делегация Кытайдын Анькан шаарына жумуш сапары менен барды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн