Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда 12,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды (фото)

17.07.2020 16:39
1698
Жалал-Абадда 12,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды (фото)


Жалал-Абад облусунда 12,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 6-июлдан 12-июлга чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “МАК-2020” операциясынын алкагында өткөрүлгөн “Кара-Куурай” аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттар менен байланышкан 4 кылмыш аныкталган.


“Ошондой эле ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ШРИИБдер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жер-жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 105 атуулдан турган 8 жумушчу топ түзүлүп, 3,57 га жер аянтында өскөн, жалпы салмагы болжол менен 12,5 тонна жапайы кара куурай өсүмдүгү жок кылынган”, - деп айтылат маалыматта.


Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында баӊгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө каршы күрөшүү жана баңгичиликтин алдын алуу максатында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн