Теке 07, 2025
Убакыт: 20:06
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Жалал-Абадда 14 жаштагы бала кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз болууда

03.07.2020 11:13
1325
Жалал-Абадда 14 жаштагы бала кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз болууда

 

Жалал-Абад облусунда 14 жаштагы бала кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматнынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ноокен районунда 26-июнь күнү саат 19:00 чамасында 2006-жылы туулган бала Тоскоол-Ата токой чарбасынын Беш-Теке жайлоосундагы кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.


2-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер тартылып, натыйжа болгон эмес.


Бүгүн, 3-июль күнү издөө улантылат. Куткаруучулар жайлоодо жайгашкан чатырда түнөп калышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн