Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда 140 орундуу бала бакча мамлекетке кайтарылды

25.12.2020 09:27
550
Жалал-Абадда 140 орундуу бала бакча мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абадда 2 кабаттуу, 140 орундуу бала бакча мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.


Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун мыйзамсыз токтому аркылуу 140 орунга эсептелинген эки кабаттуу бала бакча 0,74 га жер аянты менен «Жүзүм-Шарап» акционердик коомуна менчиктештирилгендигин райондук прокуратура аныктаган.


Аталган мыйзамсыз токтомдун негизинде Ленин айыл өкмөтүнүн буйругу кошумча кабыл алынып, Сузак райондук мамкаттоо башкармалыгы тарабынан жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген.


Белгилей кетсек, 140 орундуу бала бакчанын базар баасы 15 млн. 662 миң сомду түзөрү текшерүүдө аныкталган.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук прокуратурасы сотко доо арыз менен кайрылып, анда жогоруда белгиленген социалдык багыттагы объектини менчиктештирүү туурасында кабыл алынган бардык чечимдерди жокко чыгарууну демилгелеген.


Соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толук көлөмүндө  канааттандырылып, менчиктештирүү жөнүндөгү чечимдер жараксыз деп табылып бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн