Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда 15 жана 16 жаштагы эже-сиңдилер изделүүдө

29.07.2020 13:35
1222
Жалал-Абадда 15 жана 16 жаштагы эже-сиңдилер изделүүдө


Жалал-Абад облусунда 15 жана 16 жаштагы эже-сиңдилер изделүүдө. Бул тууралуу облусутун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 2004-жылы туулган Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 2005-жылы туулган Сабырбекова Нурзия Нуралиевна 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.


Учурда Нурзада жана Нурзиянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.


Сабырбекова Нурзаданын өзгөчө белгилери: Бою 140-145см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара, узун.


Кийген кийими: Кызыл түстөгү көйнөк.


Сабырбекова Нурзиянын өзгөчө белгилери: Бою 160-165см, өңү сары, кашы, көзү сары, чачы сары, кыска.


Кийген кийими: Көк түстөгү көйнөк.


Эгерде жогорудагы жоголгон кыздар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо милиция кабарлап коюуңуздарды суранат.

Тел.: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 0500 14 00 06, 0770 14 00 06.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн