Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда 205 миң сомго курулган аянтчанын жан кейиткен абалы (фото)

05.11.2021 17:35
1570
Жалал-Абадда 205 миң сомго курулган аянтчанын жан кейиткен абалы (фото)


Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үйдүн алдындагы тарпы чыккан балдар аянтчасын курууга 205 миң сом кеткен. Бул туурасында мэриянын Турак жай, коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Сайдибраим Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, мэриянын маалымат кызматы жарыялаган сүрөттөрдөгү балдар аянтчасы эки ай мурда Спутник шаарчасында курулган.

"Башында жергиликтүү тургундар балдары ойноп, кийимин булгап албасын деп сырдабай турууну суранышкан. Ошондуктан толук бүткөрбөй кетишкен. Ал эми отургучтарга жаңы такталар коюлган, аны бирөө сууруп чыгарып кетиптир. Подрядчы компанияга тапшырма бердим, бүгүн барып сырдап, оңдошот. Алар келишим боюнча бир жылга чейин тейлейт", — деди Жакыпов.

Ошондой эле шаарда бул сыяктуу 12 ойноо аянтчасы курулуп жатканын айтып, ар бирине 205 миң сомдон сарпталганын белгиледи.

"Биз бардыгын жаңы алып келгенбиз, эскини коюптур деген туура эмес. Дат басып турган жасалма жылгаяк эки ай мурун коюлган. Бөлүнгөн каражатка жерди түздөп, шагыл дагы төгүшкөн", — деди Турак жай, коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн