Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда 23 тонна кара куурай жок кылынды

24.08.2022 12:14
582
Жалал-Абадда 23 тонна кара куурай жок кылынды

Жалал-Абад облусунун аймагында «Кара-Куурай» аталышындагы иш-чара өткөрүлүп, 23 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды.


Облустук милициядан кабарлашкандай, алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө облус боюнча шаар-райондук ички иштер бөлүмүнүн, ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери, чек ара, УКМК, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жалпы 400дөн ашуун адам тартылган.


Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө жер-жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 14 жумушчу топ түзүлүп, 2 айыл-чарба техникасы тартылган.


"Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун аймагында 1574 гектар жер тилкеси изилденип, айрыкча Токтогул, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Тогуз-Торо шаар-райондорунун аймагында 481,8 гектар жер аянтында жапайы кара куурай өсүмдүгү өскөндүгү аныкталган. Анын ичинен 16,50 гектар жер аянтында өскөн жалпы салмагы 23 тонна 300 килограммдан ашык жапайы кара куурай өсүмдүгү орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынган", - деп билдирди милициядан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн