Теке 03, 2024
Убакыт: 16:00
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Жалал-Абадда 26 бала оор иштерге тартылганы аныкталды (фото)

19.06.2020 12:03
1037
Жалал-Абадда 26 бала оор иштерге тартылганы аныкталды (фото)


Жалал-Абад облусунда милиция тарабынан “Өспүрүм – эмгек” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 16-18-июнь күндөрү “Өспүрүм - эмгек” аталышындагы рейдди ИИМ кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөргөн.


Иш-чаранын жүрүшүндө балдар эмгектенүүсүнүн эң начар формаларында иштегендер боюнча жалпы 26 жаш өспүрүм аныкталган. Алар Базар-Коргон районунун 3, Жалал-Абад шаарынын 3, калган 20 жаш өспүрүм Сузак районунун тургундары болушкан. Аныкталгандардын арасынан 3 жаш өспүрүм социалдык жардамга өтө муктаж экендиги, үй-бүлөлүк шарты оор болуп, үй-бүлөсүнө жардам ирээтинде иштеп жаткандыгы такталып, балдарды коргоо бөлүмүнө маалыматтар берилген. Жаш өспүрүмдөр боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, райондук мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн жашы жете электердин комиссиясына жөнөтүлдү”.


Ал эми рейд учурунда жашы жете электерди эмгекке тарткан учурлар боюнча Сузак районунун аймагында 2 жоопкерчилиги чектелген жеке ишкананын ээсине карата протокол түзүлүп, Бузуулар кодексинин 57-беренеси менен айыптар салынган.


Ошондой эле Базар-Коргон районунда 5 өспүрүм оор жумуштарга тартылгандыгы аныкталып, жеринде ата-энелерине эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн