Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жалал-Абадда 43 жаштагы аялды зордуктоого шектелген жарандар кармалды

Жалал-Абадда 43 жаштагы аялды зордуктоого шектелген жарандар кармалды

Жалал-Абад шаарында 43 жаштагы аял зордукталганын айтып милицияга кайрылган. Шектүү катары 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад шаарында 1978-жылы туулган аял киши милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 26-март күнү саат 12:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн белгисиз бир жаран үйгө кирип келип, эркине каршы зордуктап, колундагы миздүү учтуу белгисиз предмет менен башына уруп, денесине жаракат келтиргени жазылган.


Натыйжада аял ооруканага кайрылып, биринчи жардам алып үйүнө чыккан.


"Жогорудагы факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБинин тергөө ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн. Андан сырткары жабырлануучу аялга карата соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Көп өтпөй шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1987-жылы туулган тургуну О.З. жана Сузак районунун 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн