Бугу 04, 2024
Убакыт: 18:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда 48 жаштагы жаран милиция бөлүмүндө каза болду

03.09.2021 14:55
582
Жалал-Абадда 48 жаштагы жаран милиция бөлүмүндө каза болду

Сузакта 48 жаштагы жаран милиция бөлүмүндө көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 23:10 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Мундуз айылында жайгашкан Сузак РИИБдин Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмчөсүндө 45-50 жаштагы эркек киши өз ажалы менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча Кызыл-Туу АМБнүн иш бөлмөсүндөгү белгисиз азиат улутундагы адамдын жансыз денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусунда кароо жүргүзүлгөн.


“Мундуз айылындагы соода-сатык дүкөндөрүнүн бирине мас абалда барып, тынчтык бербей акаарат кылгандыгына байланыштуу дүкөн ээси аймактык милиция кызматкерин чакырган. Азиат улутундагы болжол менен 45-50 жаштагы эркек адам мас абалда жүргөн жеринен Кызыл-Туу АМБнө алынып келинген. Ал ошол учурда өзүн жаман сезип жаткандыгын айтып суу сурап суу ичкен. Андан соң милиция кызматкери Мундуз айылынын тез жардам бөлүмүнүн нөмөткер дарыгерин алып келип каратып, биринчи тез жардам көрсөтүп жаткан учурда белгисиз себептерден улам каза болуп калган”, — деп берилет маалыматта.


Каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жансыз денени сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинен жарааттар байкалган эмес. Анын өздүгү аныкталып, Базар-Коргон районунун 1973-ж.т. тургуну Т.Р. экендиги аныкталып, жансыз дене туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн