Кулжа 23, 2025
Убакыт: 15:10
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Жалал-Абадда 5,2 миң орундуу спорт сарайынын курулушу башталды

23.06.2025 10:45
20
Жалал-Абадда 5,2 миң орундуу спорт сарайынын курулушу башталды


Жалал-Абадда заманбап 5 200 орунга ылайыкташкан спорт сарайынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев курулушка мезгил кутусун салышты.


Жаңы спорт сарай мурдагы “Айти” базарынын ордуна салынып жатат. Ал көп функционалдуу болуп, эл аралык турнирлерди өткөрүүгө, машыгууга бардык шарттар түзүлөт.


Имарат үч бөлүктөн туруп, чоң спорттук аянтча, олимпиадалык стандарттагы бассейини болот. Кошумча сыртында 200 унаа бата турган жай курулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн