Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда 6 жаштагы кызды 28 жаштагы жаран зордуктаганы аныкталды

09.08.2022 16:15
1342
Жалал-Абадда 6 жаштагы кызды 28 жаштагы жаран зордуктаганы аныкталды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 6 жашар кызды зордуктоо боюнча кармалган жарандын күнөөсү далилденди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, Ноокен районунун 22 жаштагы С.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда 26-майда саат 14:30 чамасында тууганынын 6 жашар А.С. аттуу кызы мектептен денесинде көгөргөн жана кызарган жараттары бар абалда, ыйлап келгенин жана аны “Акжол” аттуу кошуна киши зордуктаганын айткандыгын билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.


Жалал-Абаддагы укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, мектепке чейинки даярдоо классында окуган алты жаштагы үч кызды 28 жаштагы айылдашы тосуп алып, үйүнө «тыт жегени» чакырган.


“Шектүү кыздарга куурулган картошка менен жумуртка берип, ата-энелери тууралуу сураган. Андан соң ата-энеси ажырашкан кызды башка имаратка алдап алып барып, зордуктаган”, - деп айтылат маалыматта.


Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин зордуктоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.


Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Ноокен районунун 1994-жылы туулган П.А. аттуу тургуну кармалган.


Шектүү убактылуу кармаоочу жайга 2 айга камакка алынган.


П.А.нын жасаган кылмыштуу аракеттери толугу менен далилденип, 2022-жылдын июнь айында соттун кароосуна жиберилген.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн