Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда 90 унаа айып төлөнүүчү токтотмого коюлду

07.04.2020 14:23
582
Жалал-Абадда 90 унаа айып төлөнүүчү токтотмого коюлду


Жалал-Абад облусунда кылмыштуулукту болтурбоо иш-чараларынын алкагында 90 унаа айып төлөнүүчү токтотмого коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.


Анын айтуусуна караганда облус аймагында тартип сакчылары тийиштүү иш-чараларды так акткарууда.

 

Өткөн суткада коменданттык саат ичинде саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 4 адам кармалды. Жалал-Абад облусу боюнча 25 кылмыш иши катталып, анын ичинен коменданттык саат киргизилген аймакта - 11 кылмыш иши (Жалал-Абад шаарында - 7, Сузак районунда- 4) аныкталды. Профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда 90 унаа айып төлөнүүчү токтотмого коюлду. Учурда коомдук саясий криминогендик абал туруктуу, - дейт Жеңиш Жоробеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн