Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:28
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жалал-Абадда AstraZeneca вакцинасын алгандардын абалы начарлаганына карабастан эмдөө жүргүзүлөт

08.08.2021 11:35
1086
Жалал-Абадда AstraZeneca вакцинасын алгандардын абалы начарлаганына карабастан эмдөө жүргүзүлөт


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы аскер бөлүктө коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын алган соң абалы начарлаган аскерлер боюнча маалымат берди.

"Бүгүнкү күндө 56 аскердин абалы канааттандырарлык. Вакцинадан кийин пайда болгон клиникалык белгилер (дене табы 39 градустан жогору болуу, баш оору) вакцинага организмдин жооп иретиндеги реакциясы болгон деп бааланды. Бул белгилер ден соолукка олуттуу деле коркунуч алып келбейт. Адатта организм башка да вакциналарга реакция кылып, эмделген адамдын башы ооруп, эти ысыйт. Бирок ал 12-24 сааттын аралыгында өтүп кетет", — деп айтылат маалыматта.


Министрлик AstraZeneca вакцинасы өлкө боюнча 9-августтан тарта кайра колдонула баштаарын кошумчалады.

Эске салсак, 5-августта аталган аскер бөлүктөгү аскерлерге AstraZeneca вакцинасы сайылып, эртеси күнү 44 аскерде анын кыйыр таасири байкалганы айтылган. Бул окуя эпидемиологиялык иликтөөгө жөнөтүлүп, иштин чоо-жайын териштиргенче вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн