Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жалал-Абадда “Бирге жеңебиз” штабы өз ишин баштады (фото)

17.04.2020 18:51
1158
Жалал-Абадда “Бирге жеңебиз” штабы өз ишин баштады (фото)


Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында комендатуранын алдында “Бирге жеңебиз” урааны менен атайын штаб ачылды, деп билдирди аталган аймактар боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы.


Бул штабды ачуунун максаты - аз камсыз болгон үй-бүлө катары мамлекеттик тизмеге кирбей калгандарды да унатта калтырбоо, материалдык жардамдын бир адамга кайталанып берилүүсүнүн алдын алуу жана чыныгы муктаждарга колдоо көрсөтүү. Ошондой эле колунда бар, муктаж үй-бүлөлөр үчүн жардам колун сунгандардын башын бириктирип, алар тараптан берилген кийимдерди, азык-түлүктөрдү ж.б. каражаттарды кабыл алып, аларды керектүү даректерге жеткирүү болуп саналат.


Бүгүн, 17-апрелде бул штабдын өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков жолугушуп, комендатуранын байланыш номерлерине жардам сурап кайрылып жатышкан инсандардын даректерин тактап, керектүү азык-түлүктөрдү ыкчам жеткирип туруу керектигин белгиледи.


Бул аймактарда муктаж болгондорго бүгүнтөн баштап азык-түлүктөр даректерине жеткириле баштады. Жалал-Абад шаары боюнча муктаждар 0701 11-70-32 номуруна, Сузак району боюнча 0701 11-70-30 номуруна чалып кайрыла алат, деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн