Бугу 04, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда Labo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна 20,5 миң айып салынды

25.03.2024 18:05
323
Жалал-Абадда Labo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна 20,5 миң айып салынды


Жалал-Абадда автоээнбаштык жасаган айдоочуга 20,5 миң сом айып салынды.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, социалдык тармактарда Labo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасына жарык берүүчү жабдууларды мыйзамсыз орнотуп, айдап жүргөндүгү тууралуу видео тараган.

Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында унааны таап, мыйзамсыз жабдууларды орноткондугу үчүн жана автоээнбаштык жасагандыгы үчүн жалпысынан 20 миң 500 сом өлчөмүндө айып салып, унаасын айып короо жайына киргизишти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн