Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 18:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Жалал-Абадда Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигит табылбай жатат

15.06.2020 10:50
1836
Жалал-Абадда Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигит табылбай жатат


Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигитти издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, Аксы районунун  Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында 14-июнь күнү Нарын дарыясына 17 жаштагы эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.


Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары жана Аксы райондук №30 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, жалпы 15 куткаруучу тартылган.


Издөө иштери бүгүн 15-июнда улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн