Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигитти издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында 14-июнь күнү Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигитти издөө иш-чаралары туугандарынын ыраазычылык катынын негизинде токтотулган.
Кечээ, 16-июнь күнү 14 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 25 адам издеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн