Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:45
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерлери үчүн үй курула баштады

11.07.2021 15:28
1045
Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерлери үчүн үй курула баштады



УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлерине турак-жай курулушу башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-июль күнү УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу турак-жай курулушу башталды. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев үйдүн пайдубалына капсула салды.


Турак-жай комплекси 205 батирлүү, балдар бакчасы, унаа токтоочу жайы жана чакан сейил багын камтыйт. Курулуш өлкөнүн казынасынан эмес, толугу менен шериктеш тараптардын каржылоосу менен жүргүзүлүп жатканын УКМК төрагасы билдирди.


Бул көп кабаттуу үйдөн жергиликтүү калк арасындагы үйгө муктаж жарандар үчүн да 10 батир бөлүнүп берилери айтылды. 

Буга чейин, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн турак-жай курулган эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн