Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:59
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Жалал-Абадда адам тоноого шектелип УКТнын мүчөсү кармалды

31.03.2022 11:04
505
Жалал-Абадда адам тоноого шектелип УКТнын мүчөсү кармалды

Жалал-Абад милициясы дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады, деп билдиретоблустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун 67 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 22-март күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы соода базарынын кире беришинде турган учурда, белгисиз азиат улутундагы жаран Самсунг А20S үлгүсүндөгү кол телефонун “Сүйлөшүп алайын” – деп алдап алып, кайра бербей качып кеткендигин билдирген.


Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.


Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1984-ж.т. А.И. кармалып, далил буюм катары Самсунг А20S үлгүсүндөгү кол телефон алынган.


Жабырлануучуга келтирилген чыгым толугу менен кайтарылып берилип, тергөө амалдары уланууда.


Белгилей кетсек буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан тоноо фактысына шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган болчу.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн