Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда адам уурдап, акча талап кылган жарандар кармалды

18.05.2023 15:19
392
Жалал-Абадда адам уурдап, акча талап кылган жарандар кармалды

Жалал-Абадда адам уурдап, акча талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын май айында ички иштер органдарына криминалдык элементтер ишкерлерди опузалап, коркутуулар болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.


Ушул  жылдын апрель айынын аягында Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече адамдар жергиликтүү тургунга күч колдонушуп, анын “Лексус” үлгүсүндөгү унаасына салып, ээн жерге алып кетишкен. Шектүүлөр  жайытта жабырлануучуну  коркутуп, андан акча талап кыла башташкан.

Алгач алар 12 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан. Кийинчерээк жабырлануучуну алар өздөрүнүн эсептерине 630 миң рублдан ашык суммадагы каражатты которууга аргасыз кылышкан.


Белгилей кетсек, шектүүлөр Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн